super.kg logo
  Саясат  

Аял депутаттар форумунда аялдар менен балдардын укугун коргоо чаралары талкууланды

 

Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин Аял депутаттар форумунун кезектеги жыйынында аялдар менен балдардын укугун коргоо чаралары талкууланды. Иш-чарага эл аралык жана коомдук уюмдардын, мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун иштелип чыгуу жүрүмү жана радикалдуу террордук уюмдарга аялдардын тартылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен Ички иштер министрлигинин маалыматтары угулду.

Жогорку Кеңештин депутаты, Аял депутаттар форумунун төрайымы Айнуру Алтыбаева бул көйгөйлүү маселелер коомдук талкууга кечиктирилгис чаралардын бири катары биринчи кезекте тандалып алынганын баса белгиледи. «Үй-бүлөдө зомбулукка кабылган аялдар менен балдардын саны жылдан-жылга арбып барат. Мындай көйгөйлөргө карата тезинен алдын алуу чараларын көрүү зарыл. Кыргыз парламенти мыйзамдык базаны бекемдөөгө тийиш»,- дейт ал.

Улуттук демократиялык институттун директору Алан Лэинг Жогорку Кеңештин Аял депутаттар форуму менен биргелешип иш алып баруу ниетин билдирип, өзү жетектеген уюм маселелердин чечилишине жакындан көмөк көрсөтүүгө даяр экенин жарыя кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: