Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан уюштурулган мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендердин жыйынтыктарын текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү
Жогорку Кеңеште бүгүн, 3-декабрда Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан уюштурулган мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендердин жыйынтыктарын текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Ага ар бир фракциядан бирден депутат кирди. "Ата Мекен" фракциясынан Өмүрбек Текебаев, КСДПдан Жанар Акаев, "Республика-Ата Журттан" Талант Мамытов, "Кыргызстандан" Канат Исаев, "Өнүгүү-Прогресстен" Абылкайыр Узакбаев, "Бир бол" фракциясынан Кубанычбек Жумалиев кирди. Убактылуу түзүлгөн депутаттык комиссия министрлик тарабынан Балыкчы-Корумду, Бишкек-"Манас" аэропорту жолун салуу жана ноутбуктарды сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгын карап чыгат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

