Депутаттар спорттук иш-чараларда мамлекеттик гимндин бир гана куплетинин ырдалышына нааразы
Жогорку Кеңештин бүгүн, 3-декабрдагы отурумунда республика аймагында ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чараларды өкмөттүн макулдугу менен өткөрүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып жатат. Жыйында депутат Зиядин Жамалдинов спорттук иш-чаралар өтүп жатканда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин бир гана куплети ырдалып жатканын сынга алды. Депутат Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Шейшенкул Бакировго кайрылып: "Гимндин бир гана куплетин ырдоону токтотуп, толугу менен ырдаш керек. Бул мыйзамда жазылуу. Бул сунушту эске алып, спорттук иш-чара өтүп жатканда көзөмөлгө алыңыз",- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

