super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте министрликтердин жана мекемелердин ички аудит кызматтарынын 2014-жылкы иши талкууланды

 

Каржы министрлигинде 2-декабрда Ички аудит боюнча кеңештин отуруму өтүп, министрликтердин жана ведомстволордун ички аудит кызматтарынын 2014-жылкы иши каралды. Мындан тышкары Ички аудит боюнча кеңештин төрагасынын орун басарлыгына КРнын Өкмөтүнүн каржы жана насыялык саясат бөлүмүнүн башчысы Азиз Аалиев шайланды.

Каржы министрлиги сунуштаган отчёт жана мамлекеттик органдарда жана мекемелерде иштеген ички аудит кызматтарынын ишиндеги олуттуу көйгөйлөр талкууланып, отчётко карата корутундунун долбоорун дыкат изилдөө чечими кабыл алынды. Кеңештин мүчөлөрү ички аудит кызматтарынын адистерине сертификат берүү жана алардын натыйжалуулугун текшерүү механизмдерин киргизүү боюнча маселеге көңүл бурууну сунушташканы айтылды.

Ички аудит боюнча кеңеш - консультациялык орган. Анын милдети - мамлекеттик мекеме-уюмдардын ички аудитинин ченемдик-укуктук жана методологиялык базасы боюнча сунуштарды киргизүү, ички аудит жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан даярдалган ички аудит кызматтарынын өткөн жылдагы иши тууралуу отчётуна корутундуларды берүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: