super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров, каржылык кризис боюнча: "Жазында абал мындан да кыйындашы мүмкүн”

 

“Сомдун туруктуулугун камсыздоо - макроэкономикалык саясат. Демек, ага болгон ишенимге кепилдик берүүнү парламент, өкмөт жана Улуттук банк жоопкерчилигине алат. Аталган 3 орган ишкердик чөйрөгө колдоо көрсөтүп, бюджеттик түзүмдөгүлөр менен пенсия, жөлөк пул алуучулардын каржылык муктаждыктарын чечүүгө олуттуу көңүл бурушу керек",- деди депутат Акылбек Жапаров 3-декабрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде.

Депутат сомдун курсун турукташтырууда Улуттук банкты жалгыз калтырып, маселени интервенция менен гана жөндөй берүүгө болбой турганын айтат. Өкмөт бюджет чыгымдарын азайтуунун жолдорун караштырууга туура келерин белгилеп: “Төртүнчү кварталда тиешелүү бюджеттик амалдарды жасоо зарылчылыгы бар. Каржы каатчылыгынын алдын алуу боюнча аткарылуучу иштердин 90 пайызы өкмөттүн милдети болушу керек. Эгер өкмөт ыкчам аракеттерди көрбөсө, жазында абал мындан дагы татаалдашы ыктымал”,- дейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: