super.kg logo
  Саясат  

Улуттук банк сомдун кунун сактап туруу үчүн 10 ай аралыгында 260 миллион доллар интервенция жасады

 

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы бүгүн, 4-декабрдагы жыйынында чет өлкөлүк валюталардын курсунун көтөрүлүп кетишин талкуулап жатат. Жыйында депутаттардын суроолоруна Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш жооп берүүдө. Ал Улуттук банк сомдун кунун сактап туруу үчүн 10 ай аралыгында 260 миллион доллар интервенция жасаганын айтты.

"Сомдун кунун сактап туруу үчүн Улуттук банк тарабынан чаралар көрүлүп жатат. Интервенция жасап, банктардын эсептик чен өлчөмүн 8 пайыздан 10 пайызга көтөрдүк. Улуттук банк туруктуулукту күчөтүү максатында коммерциялык банктардын капиталын быйыл 200 миллион доллардан 300 миллион долларга көтөрдү. Кийинки жылы 400 миллионго көтөрүү керек. Мындан сырткары ушул жылдын май айында алтын куймаларды чыгарып, андан бери 54 килограммга жакын алтын саттык",- деди Нурбек Жеңиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: