super.kg logo
  Саясат  

Улуттук банк: "Доллардын кескин өсүп кетүүсүнө "Финанскредит банкынын" кызыкчылыгы болгону аныкталды"

 

"Доллардын өсүп кетүүсүнө "Финанскредит банкынын" кызыкчылыгы болуп, курсту көрсөтүп турган жадыбалдагы доллардын курсун 76 сомдон 78 сомго чыгарып салган",- дейт Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш. Банк өкүлү бул тууралуу Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын бүгүн, 4-декабрдагы жыйынында чет өлкөлүк валюталардын курсунун көтөрүлүп кетиши тууралуу суроолорго жооп берип жатып айтты.

Депутаттар Нурбек Жеңишке: "Улуттук банктын төрагасы "доллардын кескин өсүп кетүүсүнүн артында кимдир бирөө турат, аны жакында айтам" деген. Ал кимдер экен, ачык айткылачы?"- деп суроо салышты. Нурбек Жеңиш өткөн аптада доллар курсунун өсүп кетүүсүнүн артында "Финанскредит банкы" турганын айтты. "26-ноябрь күнү саат 14:00гө чейин Бишкекте 1 доллар 76 сомдон сатылып жаткан. Түштөн кийин эле "Финанскредит банкынын" Абдрахманов көчөсүндөгү бөлүмү курсту көрсөтүп турган жадыбалдагы доллардын курсун 76дан 78ге чыгарып салган. Аны акча алмаштыруучу жайлардын ээлери көрүп, алар да доллардын курсун көтөрүп жиберишкен. Банк текшерүүгө алынып, мыйзам бузуу катталганы аныкталды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Иликтөө бүткөндөн кийин чара көрүлөт",- деди Нурбек Жеңиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: