super.kg logo
  Саясат  

КСДП фракциясында жарандарды автоматтык жекелештирилген бирдиктүү эсепке алуу тутуму тууралуу маалымат угулду

 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын бүгүн, 4-декабрда өткөн жыйынында өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан сунушталып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын автоматташтырылган персоналдаштырылган бирдиктүү эсепке алуу тутуму жөнүндө маалымат угулду.

Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков жарандардын жеке керт башына тиешелүү маалыматтардын бирдиктүү тутумун түзүү чаралары өлкө турмушу үчүн өтө маанилүү экенин айтты. “Бул чоң долбоор. Азыр анын алгачкы этабы ишке ашырыла баштагандыктан, ал тууралуу толук маалымат алып, айрым бир олуттуу жагдайларды азыртадан такташып алышыбыз керек. Ошондо кемчиликтерден арылып, талаш-тартыштар жаралбайт”, - дейт ал.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин берген маалыматына караганда, жарандардын автоматтык жекелештирилген бирдиктүү эсепке алуу тутумунда паспорт, социалдык камсыздандыруу карточкасы, нике күбөлүгү, кыймылсыз мүлктү тастыктоо сыяктуу документтерди алуу жүрүмүн тездетүүгө, ар түрдүү деңгээлдеги шайлоолорду так өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бере турган маалыматтар камтылат. “Долбоорду каржылоо маселеси чечилип жатат. Анын бир бөлүгү республикалык бюджеттен, ал эми калган негизги бөлүгү эл аралык каржы донорлору тарабынан каржыланат. Ушу тапта алар менен сүйлөшүүлөр улантылууда”,- деп кошумчалады ал.

Жыйын жүрүшүндө жарандардын автоматтык жекелештирилген бирдиктүү эсепке алуу тутумун түзүүнүн экинчи этабында “ЗАГС”, “Паспорт”, “Даректүү каттоо”, “Виза”, “Жарандык” маалымат тутумдарын андан ары өркүндөтүү чараларына басым жасала турганы белгилүү болду. Долбоор 2017-жылы толугу менен ишке ашырылып бүтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: