super.kg logo
  Саясат  

V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан сунушталган мыйзам долбоорлорун кайрадан демилгелөө маселеси талкууланды

 

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын бүгүнкү отурумунда V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан сунушталган мыйзам долбоорлорун кайрадан демилгелөө маселеси талкууланды.

Фракция лидери Чыныбай Турсунбековдун айтымында, мурдагы чакырылыштын депутаттары тарабынан сунушталган жүздөн ашуун мыйзам долбоору турат. “Алардын арасында алгылыктуу да, талаштуу да мыйзам долбоорлору бар. Мисалы, Бишкектин айланасында 2005-жылы басылып алынган жерлерге өз алдынча салынган турак жайлар көп. Жогорку Кеңеште аларды мыйзамдаштырып берүү тууралуу мыйзам долбоору каралган. Мен мындай демилгеге анчалык ынанбагандыктан, өзүм дагы мыйзамсыз салынган турак жайларга байланыштуу мыйзам долбоорун киргизгем. Ошондуктан баарына кылдат мамиле жасап, жарактууларын иргеп алышыбыз керек”, - деди Турсунбеков.

Жумушчу топ мурдагы депутаттар тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлорун караганы, алардын арасында парламентте карала элек, ошондой эле 1-2-окууда каралгандары да бар экени белгилүү болду. Ал эми өкмөт өзү сунуштаган мыйзам долбоорлорун иргеп чыгып, айрым долбоорлорун кайтарып алган.

Талкуу жүрүшүндө депутат Иса Өмүркулов мурдагы парламент менен жаңы шайланган парламент курамдарынын ортосунда улантуучулук салты болушу керектигин белгилеп, парламенттик фракция катчылыгынын алкагында мыйзам долбоорлорун талдай турган атайын эксперттик топ түзүүнү сунуштады. Депутаттын пикиринде, эксперттик топ ырааттуу иш алып барып, фракция мүчөлөрү тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлорун карап чыгууга тийиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: