super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин 9-10-декабрдагы жыйындарынын күн тартиби бекитилди

 

Бүгүн, 4-декабрда өткөн Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинде парламенттин 9-10-декабрдагы жыйындарынын күн тартиби бекитилди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматына таянсак, 9-декабрдагы жыйында "Электр энергиясы тууралуу" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө", "КРнын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "2011-жылдын 28-мартында кол коюлган Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн, Бишкек шаарында Орусия илим жана маданият борборун уюштуруу жана алардын иштөө шарттары жөнүндө КРнын Өкмөтү менен Орусия өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамдардын долбоорлору каралат.

Ал эми 10-декабрдагы жыйында "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө", "Күрөө жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" мыйзамдардын долбоорлору талкууланат. Ошондой эле парламент жыйынында КРнын Акыйкатчысын шайлоо жөнүндө маселе да каралмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: