super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиевди кабыл алды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-декабрда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына өлкөнүн диний чөйрөсүндөгү кырдаалдын өнүгүшү, ошондой эле диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун мындан ары арттыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Орозбек Молдалиев диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруунун жүрүшү, диний кырдаалды изилдөө, мониторинг жана талдоо жүргүзүүнүн улуттук системин калыптандыруу жана өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына караштуу Диний кырдаалды изилдөө борборунун уюштурулушу жөнүндө айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев дүйнөдө түзүлүп жаткан кырдаалды эске алуу менен коркунучтарды жана терс көрүнүштөрдү болтурбоо, алдын алуу үчүн өз учурунда чара көрүүнү камсыз кылуу максатында өлкөдөгү диний кырдаалдын өнүгүшүнө мониторинг жүргүзүү боюнча иштерди күчөтүү зарыл экендигин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: