super.kg logo
  Саясат  

Үлүш жерлерге күнөскана жана тамчылатып сугаруу курулмаларын курууга уруксат берүү демилгеленүүдө

 

Үлүш жерлерге күнөскана жана тамчылатып сугаруу курулмаларын курууга уруксат берүү демилгеленүүдө. Бул багытта демилгеленген мыйзам долбоору бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында каралды.

Мыйзам долбоорунун концепциясы менен айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев тааныштырды. Анын айтымында, акыркы убактарда ресурс үнөмдөөчү заманбап технологиялардын өнүгүшүнө байланыштуу кайрак, таштак же алыскы жерлерде тамчылатып сугаруу системин орнотуу максатында жайыт жерлерде күнөскана шартында айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө кызыкчылык жогору болууда.

Талкууда "Жеңил конструкциядагы курулмалар кашар, анан ферма болуп курулуп кетпейби?" деген кооптонуулар айтылып, мыйзам кабыл алынып калса, катуу көзөмөл менен коштолуусу керектиги баса белгиленди. Министрдин орун басары бул эки багыттан башка максатта курулган курулмалар болсо, эскертүүдөн кийин ал жер тилкеси кайра алынары мыйзамда белгиленгендигин маалымдады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу менен Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштоо чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: