super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында шаардын Ачык биринчилиги болуп өттү

 

5-6-декабрь күндөрү Бишкекте өспүрүмдөр арасында шаардын Ачык биринчилиги өткөрүлдү. Мелдешке 1999-2002-жылдар аралыгында төрөлгөн спортчулар катышып, 13 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталды (32 кг, 35 кг, 38 кг, 42 кг, 46 кг, 50 кг, 54 кг, 58 кг, 63 кг, 69 кг, 76 кг, 85 кг, 100 кг). Бул тууралуу Бишкек шаардык спорт комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдешке Бишкектен тышкары Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад жана Ош облустарынан курама командалар келишти. 428 спортчу катышкан биринчиликте Айбек Зарылбеков (32 килограмм салмакта, Чүй облусу), Дастан Асанов (35 кг, Чүй), Улан уулу Самаган (38 кг, Бишкек), Канат Керимбеков (42 кг, Чүй), Тынчтык Абасбеков (46 кг, Бишкек), Болсунбек уулу Темирлан (50 кг, Чүй), Икромжон Хажимуродов (54 кг, Ош), Талгат Жумабаев (58 кг, Бишкек), Кубат Азизбаев (63 кг, Бишкек), Урматбек уулу Бекмат (69 кг, Бишкек), Бексултан Маданбеков (76 кг, Чүй), Бекназар Шербакунов (85 кг, Ысык-Көл), Фарход Тешебаев (100 кг, Бишкек) сыяктуу спортчулар жеңүүчү аталышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: