ЭЛДИК КАБАР: "Бүгүн катталган жер cилкинүүнүн кесепетинен Өзгөн районундагы үйүбүздүн дубалдарында жаракалар пайда болду" дейт окурман

"Бүгүн, 7-декабрда очогу Тажикстандын аймагында жайгашып, күчү 7,2 баллга чейин жеткен жер силкинүүнүн таасири Ош облусуна да жетип, Өзгөн районунун Бостон айылындагы үйүбүздүн дубалдарында жаракалар пайда болду",- деп кайрылды окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу. Окурман аталган айылдагы башка үйлөрдүн дубалдарында да жаракалар пайда болушу ыктымал экенин айтууда.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






кр да ар бир уй антисейсмический каркас менен салыныш керек. элдерде ал тууралуу маалымат аз. суперден сураныч, ошол жонундо макала жазгылачы. жаз башталаары менен курулуш башталат, элдер билип алса, бир аз болсо да кыргыздын омуру коопсуз болот беле.
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
Бирок уй салып атканда бир аз сапатына конул буралы.. Окумуштуулар 2018-2020 жылда коп катталышын болжолдошууда.