super.kg logo
  Саясат  

Өкмөткө отоо чөп баскан жайыттарды калыбына келтирүү тапшырмасы берилди

 

Жайыттарга тийиштүү мыйзамдын аткарылышы боюнча өкмөт 7-декабрда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында маалымат берди.

Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин билдиришинче, азыркы учурда 454 айыл аймагында Жайыт пайдалануучулар бирикмелери түзүлүп, анын аткаруу органы катары Жайыт комитеттери иштеп жатат. Быйылкы жылдын 10 айында жайыт пайдалануучулардан жайыт акысы үчүн 92 миллион сомдон ашуун каражат топтолуп, анын 15 миллион сомго жакыны жер салыгынын эсебине которулган.

Жыйынтыгында өкмөткө деградацияга учураган жана отоо чөп баскан жайыттарды калыбына келтирүү боюнча тиешелүү иш-чараларды кабыл алуу, талаш болуп жаткан жайыттардын чек араларын аныктап, мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча чараларды көрүү тапшырмаларын берүү чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: