Кыргыз мамлекетинин судьяларына адам укуктары жаатындагы жаңы стандарттар окутулууда
Жогорку Сотко караштуу Судьялардын окуу борбору судьяларды окутууда. "Мыйзамдардын жеткиликтүүлүгү, укуктардын кемчилдиги. Адам укуктары жаатындагы жаңы стандарттар. БУУнун Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктары жөнүндө конвенциясы" деген темада судьялар үчүн 7-декабрда Бишкекте семинар өттү.
Жогорку Соттон билдиришкендей, семинардын тренерлери: Бермет Барыктабасова – улуттук эксперт, Саламаттыкты сактоо министрлигинин далил боло ала турган медицина жана клиникалык стандарттарды иштеп чыгуу маселелери боюнча консультанты, Мариета Димитрова – эл аралык эксперт, адам укуктары, балдарды коргоо жана социалдык саясат боюнча парламенттик жумушчу топтун мүчөсү, Адвокаттар ассоциясынын мүчөсү.
Окутууга 15 судья катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

