super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт чиновниктердин миллиарддаган сом жумшап той өткөрүшүн көзөмөлдөгөнү жатат

 

Өкмөт тарабынан мааракелик иш-чараларды өткөрүү форматы кайра каралат. Бул тууралуу 8-декабрда мамлекеттик органдардын башчылары менен жолугушууда вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева билдирди. "Мамлекеттин жана элдин тарыхына байланыштуу маанилүү окуяларга өзгөчө көңүл бурулушу керек. Бул маселеде коомдун жана өлкөнүн кызыкчылыгы биринчи орунда турушу шарт",- дейт вице-премьер.

Мааракелерди өткөрүүдө Маданият, маалымат жана туризм министрлиги гана эмес, студенттер менен окуучуларды иш-чарага тартуу менен башка мамлекеттик органдар дагы көптөгөн убактысы менен каражатын жоготуп жатканы айтылды. Аталган министрлик тарабынан 2016-жылы белгилөөгө сунушталган 75 мааракенин жалпы улуттук мааниге ээлерин гана: Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын жана 1916-жылкы Үркүндүн 100 жылдыгын өкмөттүн кароосуна киргизүү сунушталды.

Жыйында салтанаттарды өткөрүүгө жумшалган каражатты кыскартуу тууралуу сөз болду. "Премьер-министр Темир Сариев министрлик жана мекеме башчыларын түрдүү салтанаттарды, аларга кетчү чыгымды кыскартууга чакырган. Эксперттердин пикиринде, мамлекетибиздин жарандары тойлорго жана башка салтанаттарга жылына ондогон миллиард сом коротушат. Орточо жашаган үй-бүлөнүн бир той өткөрүүгө жумшаган чыгымы 1,5 миллион сом. Бул каражатты башка муктаждыктарга жумшаса болот. Аз эле маяна алган чиновниктер дүңгүрөгөн тойлорду өткөрүп жатышат. Мындай ашыкча чыгымдуу иш-чараларды жөнгө салуу үчүн өкмөт башчы терең ойлонулган чараларды көрүүнү тапшырган. "Мамлекеттик кызмат" жөнүндө мыйзамга толуктоолорду киргизүү керек",- деди Кудайбердиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: