super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев "дыйкандарга үрөн эмес, жеңилдетилген насыя бериш керек" дейт

 

"Дыйкандарга үрөн эмес, жеңилдетилген насыяларды бериш керек. Үрөн чарбалары сатыкка чыгарган үрөндөрдүн сапаты жакшы эмес, чарбаларды аккредитациядан өткөрүү зарыл. Жылдын аягына чейин Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тармактык ассоциацияларды түзүп бүтмөкчү. Ушундай жол менен өкмөт ар бир тармактын көйгөйүн жекече чечүүгө көмөктөшөт",- деп билдирди премьер-министр Темир Сариев 8-декабрда өкмөттө өткөн жыйында.

Өкмөт башчы өндүрүүчүлөрдөн сатып алуудагы сүттүн баасы 10 сомго түшүп кеткенин, сатыкта андан бир нече эсе кымбат турганын белгилеп, бааны так аныктоо тапшырмасын берди. Мындан тышкары 2016-жылы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 260 күнөскана, 10 логистикалык борбор, республика боюнча мал союучу цехтер ачыларын кошумчалады. Буга жалпы 15 миллиард сом жумшалмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: