super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "Телерадио кызматкерлери чыгармачыл дареметин көрсөтүүчү мезгил келди"

 

Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 8-декабрда телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

"Урматтуу телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери! Ардактуу журналисттер!

Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын
телерадио кызматкерлеринин кесиптик күнү менен куттуктайм! Кыргыз мамлекетинде маалымат кызматкерлери, анын ичинде теле жана радио кызматкерлери абдан чоң мааниге ээ. Себеби жөн гана маалымат каражаты эмес, теле жана радио - коомдо өзгөчө орду бар социалдык институт. Ал көрөрман менен угарманга өз убагында кабар берип, коомдогу кемчиликти ачуу чындык менен чагылдырып, жетишкендикти жалпыга даңазалоочу күчкө ээ.

Теле жана радио кызматкерлери демократиялык баалуулуктарга өзгөчө көңүл буруп, эл бийлигин орнотуу үчүн абдан көп эмгек кылды, тер төгүштү. Мындай аракеттин акыбети кайтып, өлкөбүз демократиялык башкаруунун жолуна түшүп, мыйзамдуулук, адам укугу, сөз эркиндиги сыяктуу баалуулуктарды сыйлаган коомду куруу боюнча аракеттердин жыйынтыгы сезилип жатат.

Ал эми мамлекетибиз 2015-жылдын 17-июнунан тарта санариптик берүүгө өтүп, акыркы технологиялык жетишкендиктер менен жарышууга мүмкүнчүлүк алды. Эми мазмундук жагынан чыгармачыл потенциалды көрсөтүүчү мезгил келди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү санариптик телеберүүнүн мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, аны өркөндөтүү жаатында өз ишмердигин улантат.

Урматтуу журналисттер!

Биздин бир гана максатыбыз бар - кубаттуу, өнүккөн жана эркин Кыргыз Республикасын куруу. Мына ушул изги тилегибизди орундатууга журналисттерди салым кошууга чакырам. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм! Баарыңыздарга чың ден соолук, бакубат турмуш, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: