super.kg logo
  Саясат  

"Кумтөрдө" иштегендер "айлыгыбыз 50 пайыз көтөрүлсүн, болбосо иш таштайбыз" деген талап коюшууда

 

"Кумтөр" ишканасынын кызматкерлери айлыктарын 50 пайызга көтөрүү талабы менен компания жетекчилигине кайрылуу жасашты. Алар мындай талабын доллардын кескин көтөрүлүшү менен байланыштырышууда. "Кумтөрдүн" профсоюз уюмунун төрагасы Авазбек Кожакматовдун билдиришинче, ишканада иштегендердин 80 пайызы банктардан доллар менен насыя алышкандар. Алар алган насыянын жалпы суммасы 7 миллион доллар экени айтылды.

Алтын америкалык валютада сатылганы менен, айлыктардын сом менен берилери белгиленди. "Жумушчулар насыяларын төлөй албай жатышат. Талаптарыбыздан баш тартылса, кескин чараларга, иш таштоого чейин барышыбыз мүмкүн",- дейт компания кызматкери Камчыбек Кыдыргычев.

Азыркы учурда администрация менен профсоюз уюмунун ортосунда сүйлөшүү жүрүп жатканы маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: