super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзамдарды кыргыз тилинде жазуу зарылдыгын кайра көтөрүштү

 

Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз тили боюнча талашып-тартышууда. Депутаттар Садык Шер-Нияз, Лунара Мамытова, Рыскелди Момбеков, Кожобек Рыспаевдер "Сөөктү көмүү жана сөөктү коюу иши жөнүндө" мыйзам долбоорундагы туура эмес которулган сөздөрдү оңдоо зарылдыгын айтышты. Долбоордогу "морг", "өлгөн кишинин керээзи", "жерине берилди" деген сөздөргө сын айтылды.

"Кыргыз тилин өзүбүз бурмалап жатабыз. Сүйлөмдөрдү кыргызчага туура которууга эмне үчүн болбосун? Башка тилдеги сөз деп мыйзамга жаза берсек, анда эмне үчүн телевизорду сыналгы, радиону үналгы, самолётту учак деп которуп кыйналып жатабыз? Кыргызда "өлгөн кишинин керээзи" эмес, "маркумдун керээзи" дейт, "жерине койду" эмес, "жайына койду" деп жазыш керек",- дейт Рыспаев.

Жогорку Кеңештин лингвистикалык бөлүмүндө 5 киши, котормо бөлүмүндө 16 киши иштей турганы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: