super.kg logo
  Саясат  

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасынын аймагында болуу шарттары аныкталып жатат

 

Жогорку Кеңеште “КРнын аймагында Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун болуу шарттары тууралуу кыргыз өкмөтү менен Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, эки тараптуу келишимде Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кошулган шартта өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн мамлекетибиздин аймагында атайын фонд түзүү демилгеси каралган. Фонд эл аралык уюмдун статусуна ээ болуу менен өлкөнүн экономикасын модернизациялоо жана өнүктүрүү, Евразиялык экономикалык биримдикке интеграциялануу, анын алкагындагы мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында түзүлгөн.

Андан сырткары бул документте фонддун тараптардын аймагында болуу шарттары, алардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан колдонула турган эл аралык келишимдер, макулдашуулар, жоболор тизмеги аныкталган.

Касымалиев ушу тапта фонд иштей баштаганын айтты. Фонддун негизги каражатын Орусия тарабынан бериле турган 1 миллиард доллар түзөт. Ошондой эле жеңилдетилген шартта дагы 500 миллион доллар насыя берилет. Азыркы учурда каражаттын 300 миллион доллары келип түштү. Ал мамлекеттик эки банк аркылуу өлкөнүн өнөр жайын көтөрүү багытында 12 пайыз үстөгү менен жеңилдетилген насыя катары бериле баштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: