Жогорку Кеңеш бүгүн акыйкатчыны шайлайт
Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 10-декабрда акыйкатчыны шайлашат. Добуш берүү түштөн кийин өтөт. Мындай чечимди парламент кечээки отурумунда кабыл алган. Акыйкатчы кызматына сунушталып жаткан 8 талапкердин ар бирине сүйлөөгө убакыт берилип, андан кийин суроо-жоопко өтүшөт.
Аталган кызматка "Ата Мекен" фракциясы Гүлгаакы Мамасалиева, Бакыт Рыспеков жанаТурсунбек Акундун, КСДП Гүлнара Жамгырчиеванын, "Өнүгүү-Прогресс" Мурат Жетимишбаевдин, "Республика-Ата Журт" Атыр Абдрахматованын, "Бир бол" Нурланбек Жээналиевдин, "Кыргызстан" фракциясы Канатбек Турганбековдун талапкерлигин көрсөткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

