super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Жарандар мамлекеттик органдардан ачыктыкты, адилеттүүлүктү талап кылууга укуктуу"

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-декабрда Адам укугун коргоонун эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады.

"Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

"Бүгүн, 10-декабрда дүйнө жүзү Адам укугун коргоо күнүн белгилөөдө. Кыргыз Республикасы 2010-жылкы революциядан кийин укуктук мамлекетти бекемдөө жолунда бара жатат. Кыргыз мамлекетинин жарандары авторитаризмге кайтууга мүмкүн эместигине ишеништи, ал эми дүйнө коомчулугу биздин бул багыттагы жетишкендиктерибизди белгилеп жатат. Кыргыз Республикасынын жакында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болуп шайланышы буга күбө.

Парламенттик демократияны бекемдөө багытын тандап алдык, жаңы технологияларды колдонуу менен ачык жана таза парламенттик шайлоону өткөрдүк. Жарандар мамлекеттик органдардан ачыктыкты, адилетүүлүктү талап кылууга укуктуу. Жеке менчикти, инвесторлорду, ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо - экономикалык ишмердүүлүктүн маанилүү багыты",- деп айтылат куттуктоодо.

Президент өлкө жарандарына бекем ден соолук, жыргалчылык жана эртеңки күнгө ишенимдүүлүктү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: