super.kg logo
  Саясат  

Аалы Карашев менен Кубатбек Боронов Нарын облусундагы жер титиреген аймактардын абалы менен таанышышты

 

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Аалы Карашев жана өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Нарын облусундагы Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы жер титирөөдөн турак жайлары зыянга учураган жергиликтүү тургундардын абалы менен жеринде таанышышты. Бул тууралуу 10-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

“Өкмөт жаратылыш кырсыгынан жабыркаган бир дагы жаранды турак жайсыз калтырбайт, ага бардык мүмкүнчүлүктөр, каражат бар. Ошондуктан биз сиздердин абалды жеринен көрүп, ошого жараша чечим кабыл алуу үчүн келдик”,- деди Аалы Карашев.

Ал эми Кубатбек Боронов жер титирөө болгон күндөн баштап эле жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиясы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынын адистери биргеликте иштеп жатышканын айтты. "Жалпысынан Жумгал районунда 134 турак жай, 10 социалдык объектилер изилденди. Бактыга жараша, жабыркагандар жана кыйроолор жок",- деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: