super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров: "Экономиканы турукташтыруу үчүн шашылыш чараларды көрүү зарыл"

 

"Сомдун күчүн жоготушунун себеби - экономиканын туруксуздугу". Мындай пикирди парламенттин 10-декабрдагы жыйынында депутат Акылбек Жапаров билдирип, өкмөт быйылкы жылдын эсебинен бюджеттин чыгашаларын көбөйтүүгө аргасыз болгондуктан, дефицит 25 миллиард сомго чейин жеткенин айтты.

"Каржы саясатында тобокелчиликтер арбын. Эмгек мигранттарынан келчү каражаттын өлчөмү кыйла кыскарды. Ал эми түз инвестициянын көлөмү 30 пайызга түштү. Экономиканы турукташтыруу жаатында шашылыш чаралар көрүлбөсө, абал мындан дагы оорлошуп кетиши мүмкүн. Андан сырткары каржы саясатынын мыйзамдык базасын бекемдөө үчүн мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу зарыл",- дейт Жапаров.

Жогорку Кеңеште каралып жаткан "Улуттук валютанын курсун стабилдештирүү жана Кыргыз Республикасынын экономикасын доллардан арылтуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомдун долбоорунда көрүлүүчү кескин чаралар камтылганы айтылды. Мисалы, насыяларды кайра түзүмдөштүрүү, баалуу кагаздарды чыгаруу, сом менен накталай эмес эсептешүүлөрдү көбөйтүү, чет өлкөлүк валютадагы депозиттердин ставка өлчөмүн төмөндөтүү, мамлекеттик чыгымдарды азайтуу, пенсияны 30 пайызга жогорулатуу сындуу бир катар чаралар сунушталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: