super.kg logo
  Саясат  

Улуттук валютанын кунун турукташтырууга жана өлкө экономикасын доллардан арылтууга багытталган Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды

 

Бүгүн Жогорку Кеңеште "Улуттук валютанын курсун турукташтыруу жана Кыргыз Республикасынын экономикасын доллардан арылтуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомдун долбоору талкууланды.
Депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорунда өлкө экономикасын турукташтыруу багытында көрүлө турган ыкчам чаралар топтому камтылган. Мисалы, насыяларды кайра түзүмдөштүрүү, баалуу кагаздарды чыгаруу, сом менен накталай эмес эсептешүүлөрдү көбөйтүү, чет өлкөлүк валютадагы депозиттердин ставка өлчөмүн төмөндөтүү, мамлекеттик чыгымдарды азайтуу, пенсияны 30 пайызга жогорулатуу сындуу бир катар иштиктүү чаралар сунушталууда.

Талкуунун жүрүшүндө доллардык тобокелчиликтерден арылуу максатында насыяларды сомго өткөрүп, насыялык зыяндарды өкмөт менен жарандарын тең бөлүшүүсү тууралуу ой-пикирлер айтылды. Ал үчүн өкмөт кошумча 3 миллиард сом каражат табышы керек. Депутаттар тарабынан көмүскө экономиканы көрүнө алып чыгуу, коммерциялык банктар менен чет өлкөлүк валютада берилген насыяларды улуттук валютага өткөрүү жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.

Жыйынтыгында депутаттардын сунушун жана сын-пикирлерди эске алуу менен токтом кабыл алынып, аны аткаруу өкмөт менен Улуттук банкка тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: