super.kg logo
  Саясат  

Кыргыздын 4 элчисине эки ишти айкалыштыруу иретинде кошумча дипломатиялык милдеттер жүктөлдү

 

Кыргыз мамлекетинин Сауд Арабиясындагы элчиси Абдилатиф Жумабаевге жаңы кызматтык милдет жүктөлдү. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-декабрда кол койгон буйрукка ылайык, Жумабаев Эр-Рияд шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу иретинде кыргыз өлкөсүнүн Египеттеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштемекчи.

Президенттин башка буйругу менен Кыргыз Республикасынын Индиядагы элчиси Самаргүл Адамкулова Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу иретинде кыргыз өлкөсүнүн Бангладеш жана Непалдагы элчиси болуп дайындалды.

Маалыматты президенттик аппараттан билдиришти.


Кыргыз Республикасынын Кувейт, Марокко жана Иорданиядагы элчиси Жусупбек Шарипов Эль-Кувейт шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу иретинде Кыргыз Республикасынын Бахрейндеги элчиси кызматына дайындалды. Жусупбек Шарипов быйыл июнда Кувейттин Эль-Кувейт шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу иретинде Марокко жана Иордания мамлекеттериндеги Кыргыз Республикасынын элчиси болуп дайындалган.

Кыргыз өлкөсүнүн Бельгиядагы элчиси, Брюссель шаарындагы Европа коомдоштук комиссиясындагы туруктуу өкүлү Асеин Исаев Брюссель шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу иретинде Кыргыз Республикасынын Франция, Нидерланды, Люксембургдагы элчиси жана Түндүк Атлантика келишим уюмундагы (НАТО) жана ЮНЕСКОдогу кыргыз өлкөсүнүн туруктуу өкүлү болуп дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: