КСДПнын лидери: "Биз убада кылгандай депутаттардын бирден жардамчысын кыскарттык"
"Биз шайлоо алдында убада кылгандай депутаттардын бирден жардамчысын кыскартууга жетиштик",- деп билдирди Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн башчысы Чыныбай Турсунбеков. Депутат муну бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин аппаратынын түзүмүн оптимизациялоо жөнүндө токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгынан кийин айтты.
Аталган токтомдун негизинде 120 штаттык бирдик кыскартылды. Ишсиз калган кызматкерлердин 45и эми фракциялардын катчылыктарында иштешет. Аталган маселе жакында парламентте каралганда колдоого ээ болбой калган. Башкача айтканда, депутаттардын көбү экиден жардамчы керектигин айтып, анын биринен баш тартууга каршы чыгышкан эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

