super.kg logo
  Саясат  

Акыйкатчы кызматына талапкер Жетимишбаев "укуктарды укук коргоо органдары өздөрү бузушат" деп парламентте отурган Иса Өмүркулов менен Исхак Пирматовду көрсөттү

 

Акыйкатчы кызматына талапкер Мурат Жетимишбаев "укуктарды укук коргоо органдары өздөрү бузушат" деп парламентте отурган депутаттар Иса Өмүркулов менен Исхак Пирматовду көрсөттү. Муну Жетимишбаев Жогорку Кеңештин бүгүн, 10-декабрдагы жыйынында акыйкатчы кызматына келүү үчүн өзүнүн программасы менен тааныштырып жатканда билдирди.

"Өткөн жылы Акыйкатчы институтуна жарандардан 2411 арыз келип түшүптүр. Анын 1443ү Бишкек шаарынан келсе, калганы облус борборлорунан келиптир. Бул "акыйкатчынын кызматы аймактарга жеткен эмес" дегенди билдирет. Ошондуктан жарандардын акыйкатчыга кайрылуусун жолго коюу керек. Ал эми адам укуктарын укук коргоо органдары коргойт дегенибиз менен, адам укугун укук коргоо органдары өздөрү бузуп жатышат. Мына, араңарда эле Өмүркулов менен Пирматов отурат. Баары эле соттолгону менен, кийин эч нерсени билбегендей отуруп калышат",- деди Жетимишбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: