super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңеште тирешүүнү токтотууга чакырды

 

Бүгүн, 10-декабрда акыйкатчы кызматына "Республика-Ата Журт" фракциясы тарабынан сунушталган талапкер өтпөй калгандан кийин фракция лидери Өмүрбек Бабанов КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго кайрылып, парламентте тирешүүнү токтотууга чакырды.

"Биз сунуштаган талапкер үч тилди билет, ал акыйкатчы кызматына татыктуу болчу, бирок көпчүлүк колдобой койду. Өмүрбек Чиркешович, калыс сөзүңүзгө рахмат. Чыныбай Акунович, фракциялаштарыңызды колдобоого үндөдүңүз, парламентте тирешүүнү токтотолу. Бүгүн оптимизация боюнча добуш бердик. Сиз мени иш бөлмөңүзгө чакырып, оптимизация боюнча колдоп коюуну сурандыңыз, биз колдодук. Сиздер биздин талапкерди колдогон жоксуздар. Бизге комитетти, вице-спикерликти бербей койгонуңуздарда эч нерсе деген эмеспиз. Бүгүн биздин талапкерди колдоп койсоңуздар болмок. Шайлап койсок жакшы майрам алып келмекпиз, бүгүн акыйкатчылардын майрамы болчу",- деди Бабанов Турсунбековго кайрылып.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: