super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте кылмышка шектүүлөрдү жок кылууда жарадар болгон жоокерге президент акчалай жардам көрсөттү

 

10-декабрдан 11-декабрга караган түнү ок атышууда жарадар болгон атайын багыттагы жоокердин дарылануусуна президент акча каражат бөлүп берди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, президент Бишкекте өткөн операциянын жыйынтыгы тууралуу кабардар болду. "Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев террорчуларга каршы операциянын жүрүшүндө октон жаракат алган УКМКнын жоокерине тезирээк сакаюуну каалады. Мындан тышкары ал УКМКнын кызматкерлерине алардын кайраттуулугу жана чечкиндүүлүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле президент өлкөнүн күч түзүмдөрүн террорчулуктун жана экстремизмдин алдын алуу иштерин жүргүзүүнү талап кылды",- деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 10-декабрдан 11-декабрга караган түнү Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда террордук уюмдун 2 мүчөсү жок кылынган. Өлтүрүлгөн эки адам бир топ оор кылмыштарды жасаган болушу мүмкүн. Алар Бишкектин 8-кичи районунда аймактык милиционерди өлтүргөн деп болжолдонууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: