super.kg logo

Мамлекеттик кызматкерлердин "кийик атуу" окуясын иликтеген комиссия кийинки аптада жыйынтык чыгарат

 

Инспектор жана прокурордун орун басарынын өлтүрүлгөн кийиктер менен сүрөткө түшүшүн иликтөө үчүн түзүлгөн комиссия өз жыйынтыгын кийинки аптада чыгарат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 15-декабрда өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын басма сөз катчысы Анарбек Абазбеков билдирди.

Анын айтымында, 5 кишиден турган атайын комиссия учурда териштирүү иштерин жүргүзүүдө. “Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясында 3 айдан бери иштеген Искендер Жолдошов менен Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаев кийиктерди атууга уруксат кагаздарын комиссия мүчөлөрүнө көрсөтүшөт. Чогултулган материалдар Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине жөнөтүлөт. Ал жерден "Аңчылык үчүн лицензиялар чынында эле берилгенби? Кандай жол менен берилди?" деген сыяктуу суроолорго жооп алынат. Эгер баары мыйзамдуу болсо, чара көрүлбөйт, анткени ууга чыгууга берилчү лицензия адамдын ээлеген кызматына карабайт”,- деди Абазбеков.

Эскерте кетсек, окурман кечээ, 14-декабрда мамлекеттик органдын кызматкери тоо текелерди атып, жаратылышка зыян келтирип жатканын билдирген эле. Окурман "Чара көрүлөбү же чиновниктерге боло береби?" деп суроо койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
15.12.2015. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул маалыматы жоноткон адамга смартфонду бериш керек
15.12.2015. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кийикти атып олтуруш ото кыйын билгенге
15.12.2015. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
реальный жыйынтык чыгарышса экен кийинкилерге сабак болчудай.
15.12.2015. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ото кыйын деле болбой калды. кандай мергенчилик мылтыктар чыккан билесизби? бир кырга чыкса болду ата берет .уруксаат кагазы болсо бир тоо теке атканга болот дешчу эле булар кеминде 3.4 ту атканбы
15.12.2015. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Текшеримиш болот дагы, (алаарын алып, жээрин жеп), лицензиясы бар экен, чара корулбойт деген тыянак чыгарышат да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: