super.kg logo
  Саясат  

Лейлектин тургуну: "9 окуучуну басып калган бастырма эле эмес, мектептин өзү жараксыз абалда"

 

Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы мектепте 9 окуучуну басып калган бастырма эле эмес, мектептин өзү коркунучтуу абалда. Аталган айылдын Закир Шамшиев аттуу тургуну SUPER.KG`ге билим берүү мекемесинин чоо-жайын айтып берди.

"Эгемендүүлүк" атындагы мектеп 2001-жылы ашар жолу менен курулган. Комиссия текшерип, "сапаты стандартка жооп бербейт" деп чечим чыгарып, курулуш иштери боюнча ошол кездеги айыл өкмөт башчысы Шамшимамат Пирматовго иш козголгон. Кийин ишти прокуратура өкүлдөрү жаап салышкан. Курулушка сапаттуу устундарды эмес, теректин учтарын пайдаланышкан. Ал эми окуучуларды басып калган бастырманы 20 жылдык өткөргөн бүтүрүүчүлөр куруп беришкен. Аны Оштогу бир фирманын жумушчулары салган, сапатсыз курганы үчүн аларды жоопко тартыш керек. Өзүм азыр Орусиядамын, мунун баарын айтып мага эмне күч келди дейсизби? Мектепте учурда 240тай окуучу окуп жатат. Балдардын коопсуздугун ойлоп жатам, бир адамдын шалаакылыгынан жаш балдар запкы тартып жатышат",- деди Шамшиев.

Эскерте кетсек, бүгүн окурмандардын бири Лейлектеги "Эгемендүүлүк" мектебинин бастырмасы 9 окуучуну басып калганын "ЭЛДИК КАБАРга" маалымдаган эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: