super.kg logo
  Саясат  

Бир апта мурун депутат болгон Жыргалбек Саматов мандаттан ажырады

 

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Саматовду мандаттан ажыратты. Депутаттын мандат алганына бир апта гана болгон. БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов бүгүн, 16-декабрда SUPER.KG порталына буларды айтты:

"Орусиянын Федералдык миграция кызматынан Жыргалбек Саматовдун Орусиянын жараны эместиги жөнүндө 2015-жылдын 2-ноябрындагы каттын жасалма эместиги тууралуу маалымат суроо өтүнүчү менен кыргыз мамлекетинин миграциялык кызматына кайрылганбыз. Федералдык миграция кызматы мындай кат алардын базасында жок экенин, андай кат келип түшпөгөнүн билдирген. Демек, Саматовдун бизге алып келген каты жасалма болуп чыкты. Ушунун негизинде анын мандатын кайтарып алдык".

Эскерте кетсек, 27-октябрда "Орусиянын жарандыгын алган" деген жүйө менен Саматовду БШК талапкерлердин тизмесинен чыгарган. Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы 5-ноябрда Жыргалбек Саматовго мандат бербөө боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарган. БШК мандат берүүнү кечиктирип жатканда Саматов Жогорку Соттун чечими аткарылбай жатканын айтып Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. Сот анын арызын канааттандырып, БШКны ага мандат берүүгө милдеттендирген эле.

Саматов Жогорку Кеңештин V чакырылышында да "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: