super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Республикасы жаңыдан түзүлө турган Эл аралык Азия инфратүзүмдүк инвестиция банкынын уюштуруучулар курамына кирүүгө ниеттенип жатат

 

“2015-жылдын 29-июнунда Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында кол коюлган Азия инфратүзүмдүк инвестиция банкынын макулдашуусунун беренелерин ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору бүгүн Жогорку Кеңеште каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун билдиришинче, АИИБ Азиядагы өндүрүштүк инфратүзүмдү өнүктүрүүнү жакшыртуу үчүн каржылык колдоону камсыздай турган көп тараптуу өнүктүрүү банкы катары түзүлүүдө. Транспорт, телекоммуникация, энергетика, суу менен жабдуу, айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана башка өндүрүштүк тармактарга инвестиция тартуу банктын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Банкка дүйнөнүн 57 өлкөсү түзүүчү болуп кирүүдө.

Кыргыз мамлекети Азия инфратүзүмдүк инвестиция банкынын түзүүчүлөр курамына кирип калса, ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн узак мөөнөттүү жана кыйла жеңилдетилген насыя каражаттарын алууга мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

Ошондой эле АИИБ негизинен орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү долбоорлор үчүн коммерциялык жана жеңилдетилген насыяларды берери белгилүү болду. Анын уставдык капиталы ар бири 100 миң доллар наркындагы 1 миллион акция менен 100 миллиард долларды түзөт. Түзүүчү мүчө катары Кыргыз Республикасынын жазылуу капиталынын үлүшү – 0,0268 пайыз же 26,8 миллион доллар, ал эми төлөнгөн капиталдын үлүшү – 5,4 миллион доллар. Капиталды төлөөгө республикалык бюджеттин болжолдуу чыгымы – 349,9 миллион сом.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: