super.kg logo
  Саясат  

"Республика-Ата Журт" Жыргалбек Саматовдун мандаты боюнча маселени карап жатат

 

Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын 18-декабрдагы жыйынында 16-декабрда депутаттык мандатынан ажыратылган Жыргалбек Саматовдун маселеси каралып жатат. Фракция лидери Өмүрбек Бабанов фракция мүчөлөрүнөн кимдир бирөө күнөөлүү болуп, күнөөсү далилденсе, аны коргобой турганын айтты.

"Азыркы учурда биздин партиянын тизмеси менен Жогорку Кеңешке талапкер болгон Жыргалбек Саматов боюнча талкуу болуп жатат. Анын экинчи жарандыгы ачыкка чыгып калды. Биз ким күнөөлүү болбосун, анын күнөөсү далилденсе, коргой албайбыз, укук коргоо органдарына салып беребиз. Саматов берген антына турбай, сотко кайрылып, мандат талаша баштады",- деди Бабанов.

Эскерте кетсек, 27-октябрда "Орусиянын жарандыгын алган" деген жүйө менен Саматовду БШК талапкерлердин тизмесинен чыгарган. Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы 5-ноябрда Жыргалбек Саматовго мандат бербөө боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарган. БШК мандат берүүнү кечиктирип жатканда Саматов Жогорку Соттун чечими аткарылбай жатканын айтып Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. Сот анын арызын канааттандырып, БШКны ага мандат берүүгө милдеттендирген эле. Саматовго декабрдын баш жагында мандат берилип, 16-декабрда БШК мандатты кайра тартып алды.

БШК мындай аракетин Орусиянын Федералдык миграция кызматынан Жыргалбек Саматовдун Орусиянын жараны эместиги жөнүндө 2015-жылдын 2-ноябрындагы каттын жасалма эместиги тууралуу маалымат суралып, Федералдык миграция кызматы мындай кат алардын базасында жок экенин, андай кат келип түшпөгөнүн билдиргенине байланыштырды. "Саматовдун БШКга көрсөткөн каты жасалма" деген жүйө менен мандатты кайтарып алды.

Саматов Жогорку Кеңештин V чакырылышында да "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: