"Республика-Ата Журттун" мүчөлөрү Жыргалбек Саматовду кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунушташууда
"Жыргалбек Саматовдун экинчи жарандыгы бар экени чын болсо, ага кылмыш ишин козгош керек",- деди депутат Кенжебек Бокоев "Республика-Ата Журт" фракциясынын бүгүн, 18-декабрдагы жыйынында. "Саматов өткөн чакырылышта да депутат болуп отуруп, бюджеттен каражат коротту. Эмне үчүн ошол учурда бул маселе такталган эмес? Демек, бул ишти аягына чыгарыш керек",- деди депутат.
БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов Саматовдун жарандыгы боюнча бир жылдан ашык убакыт текшерүү болгонун белгиледи. "Бирок биз эч кандай жыйынтыкка келе алган эмеспиз",- деди Акматов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

