super.kg logo
  Саясат  

Алиярбек Абжалиев: "Артыкчылыктардын баарын эле алып салбай, кийинки чакырылыштын депутаттарына калтырыш керек. Парламентке дайыма эле байлар келбейт"

 

"Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында депутат Алиярбек Абжалиев Жогорку Кеңештин депутатынын артыкчылыктарын толугу менен алып салууга каршы чыкты. Анын билдиришинче, алыскы райондордон Жогорку Кеңешке депутат болуп келгендерге иштөө үчүн шарт керек.

"Азыр депутаттар 30-35 миң сом айлык алышат. Бул айлык өлкөнүн түштүк аймагынан депутат болуп келгендерге жетпейт, себеби бир айда бир жолу барып келгенге эле 15 миң сомуң коройт. Ошондуктан айрым артыкчылыктарды калтырыш керек. Баарын эле алып салууга болбойт, иштегенге шарт керек. Ансыз деле үйү жок депутаттарга кыйынчылык болуп жатат. Парламентке дайыма эле байлар келбейт да, айылда мугалим болуп иштегендер да депутат болуп келишет",- деди Абжалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: