super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев балдарга камкордук көрүү жетиштүү болбой жатканын моюнга алды

 

Өкмөт балдарга мамлекеттик көмөк көрсөтүү чараларын кабыл алганына карабай көйгөйлөр чечилбеген бойдон калууда. Муну бүгүн, 18-декабрда премьер-министр Темир Сариев "Кыргыз мамлекетиндеги жаш балдардын өмүрүн сактоо жаатындагы жетишкендиктер жана балдарды өнүктүрүүдөгү келечек кадамдар" аттуу тегерек столдо билдирди.

"Учурда дүйнөлүк каатчылык экономикалык өсүүнү басаңдатып, жаратылыш кырсыктары күч алып турган кезде биз алгач балдардын көйгөйүнө, алардын өмүрүнүн корголушуна жана балдарга комплекстүү көмөк көрсөтүү тутумун өнүктүрүүгө көңүл буруубуз зарыл. Өкмөт балдарга мамлекеттик көмөк көрсөтүү жаатында иш жүргүзөт, бирок айрым көйгөйлөр чечилбестен калууда",- деди премьер.

Өкмөт башчы балдардын өлүмүнүн көрсөткүчүн кыскартуу алгачкы кадамдар экенин, баланын толук кандуу өнүгүүсү үчүн коопсуз чөйрөдө жоопкерчиликтүү тарбия берилиши зарылдыгын айтты.

"Бул жерде ата-энелердин жана үй-бүлөнүн ролун өзгөчө белгилеп кетүү керек. Өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо жагына мамлекет тараптан канчалык көңүл бөлүнбөсүн, ата-энелер бул процесске активдүү катышпаса жана үй-бүлөдөгү жагымдуу шартты камсыздабай туруп толук кандуу тарбия тууралуу сөз кылуу жетишсиз. Адамдар балдардын келечеги үчүн капитал жумшоо зарыл экендигин аңдап сезүүсү керек. Үй-бүлө институтун чыңдоо жана билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарынын тейлөөсүнө карата жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана алардын социалдык корголуусу - мамлекеттик саясаттын келечектүү милдети",- деди Сариев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: