super.kg logo
  Саясат  

2016-жылы өлкөдө 2 миллион көчөт тигүү тапшырмасы берилди

 

Бүгүн, 18-декабрда премьер-министр Темир Сариев Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин башчысы Сабир Атажанов менен жолугушууда токой аянттарын көбөйтүү иштерин күчөтүү зарылдыгын билдирди.

“Өлкөбүз үчүн токойлордун мааниси абдан чоң. Алардын аянтын көбөйтүү жана экологияга кам көрүү боюнча кыска аралыкта кескин чараларды көрүү керек. Бул жаатта Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги абдан активдүү иш алып барып, чоң массивдерге көчөттөрдү отургузуу жана ага кам көрүүнү жолго коюшу зарыл. Коомчулуктун күчүн мобилизациялап, жалпы ишти алып баруу жаатында аракеттер көрүлбөй жатат. Агенттик көчөттөрдү тигүүнү пландаштырып, жашылдандыруу үчүн көчөттөр менен камсыз кылышы керек”,- дейт Сариев.

Премьер-министр аталган агенттикке 2016-жылы 2 миллиондон ашык көчөт отургузуу тапшырмасын берип, токой дарактарын мыйзамсыз кыюуну токтотуу үчүн токой чарба кызматкерлеринин жоопкерчилигин күчөтүү керектигин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: