super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "Жаңы жылдык корпоративдер мамлекеттик ишканалардын кызматкерлеринин жеке акчаларына өткөрүлүшү керек"

 

Жаңы жылдык корпоративдик кечелер мамлекеттик ишканалардын кызматкерлеринин жеке акчаларына өткөрүлүшү керек. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын жыйынында премьер-министр Темир Сариевдин айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы жарыялады.

Сариевдин айтымында, жаңы жылдык корпоративдердин ордуна балдар үйлөрүнүн жана интернаттардын колдоого жана камкордукка муктаж тарбиялануучулары үчүн майрам өткөрүү туура.

"Жаңы жылдык кечелер ар бир эмгек жамааты үчүн жакшы салтка айланган, бирок бүгүнкү күндөгү жагдайда каражаттарды сарптоого туура мамиле кылуу зарыл. Албетте, майрам алдындагы кечелерди өткөрүүгө толугу менен тыюу сала албайбыз. Өкмөттүн мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери корпоративдик кечелерди өздөрүнүн каражаттарына өткөрүүгө укуктуу",- деди өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: