super.kg logo

Кыргыз рэп-концерти: Баястандын чач жасалгасы, Бегиштин кара көз айнеги, Каспердин түз кепкасы жана рэпти сүйгөн жаштар (фоторепортаж)

 
Концерттин алып баруучулары
Баястан
Баястан
Баястан
Каспер

20-декабрда Бишкек шаарында Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда жаш кыргыз рэп аткаруучулары Баястан, Бегиш жана Каспердин алгачкы концерти аяктады. Кече ээлери өз күйөрмандарына жана рэп сүйүүчүлөрүнө "Zamanbap" аталышындагы альбомунун бет ачарын өткөрүштү. Бул иш-чара тушоо кесүү концерти болгонуна карабастан, Спорт Ордосунун 80 пайызынан ашууну көрүүчүүлөргө толду. Келгендердин басымдуу бөлүгү жаштар болушту.

Концертти Баястан, Бегиш жана Каспер өздөрүнүн хит ырлары менен башташты. Андан соң алар ата мекендик шоу-бизнестин жаш мегажылдыздары Мирбек Атабеков, Омар, Арсен, Чолпонай, Иса Өмүркулов, Назгүл Токтакунова жана башкалар менен дуэт ырларын аткарышты. Мындан тышкары Бишкектин бийчилер топтору заманбап массалык бийлерин көрсөтүштү. Ал эми алып баруучулар концерттин жүрүшүндө сынактарды уюштуруп, кече ээлеринин "Zamanbap" альбомун камтыган дисктерди жеңүүчүлөргө тапшырып жатышты.

Кеченин ээлери рэпти мыкты жандуу аткаруу менен гана эмес, концертке даярданып келгени менен да эсте калышты: Баястан өзгөчө чач жасалгасы менен конокторду таң калтырса, Каспер концерттин башынан аягына чейин түз кепкасын кийип жүрдү. Бегиш дагы концертте жайкы кооз көз айнегин чечпей ырдап жүрдү, финалдык ырга жеткенде гана күйөрмандары анын көздөрүн көрө алышты.

Концерт соңуна келип, акыркы 3-4 ыр калганда, күйөрмандарга сахнага жакын туруп көрүүгө уруксат берилген эле. Ондогон балдар жана кыздар бул мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, рэп аткаруучулар аларга микрофонду сунганда, ырлардын саптарын ырдай алышты. Айрымдар сахнага чыкканга да аракет жасашты. Мындай көрүнүш Бишкектин жаштарынын арасында кыргызча рэпке болгон кызыгуу күчтүү экенин далилдейт.






Рэп сүйүүчүлөрүн чогулткан Баястан, Бегиш жана Каспердин концерти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(14)
21.12.2015. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы азматсынар ушул жолунардан чыкпагыла кыргыз эли учун
21.12.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз эли карангыга жол алуусу учунбу. Карасанар нур жок сахнада.
21.12.2015. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеосун кутуп калабыз, сонун концерт болуптуп, просто зажигать этишиптирго инстаграмдан кордум кыска ввидеолорун. Класс клааас
21.12.2015. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыгып суйлоп, суйлоп кетишти да
22.12.2015. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
))))) туура...
Медиа-портал
21.12.2015. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Базар жок балдар сонун концерт
Медиа-портал
21.12.2015. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кааап ата.... барсам болмок экен да.....(((((
Медиа-портал
21.12.2015. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуптур .
SUPER.KG видео
21.12.2015. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуптур
Медиа-портал
22.12.2015. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы!
Медиа-портал
22.12.2015. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Обажаю репти))))))))))))))))
SUPER.KG видео
22.12.2015. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Звук начар го неге андай так чыкпайтат
SUPER.KG видео
22.12.2015. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман дебеймго бирок реп такыр жакпайт,жигиттерге ийгилик!
Медиа-портал
31.12.2015. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жандуу ырдагандары жакты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: