Орусияда кыргыз сүрөтчүсү жана аниматору Толгобек Койчумановдун “Жер жыты” аттуу көргөзмөсү өтүүдө










Орусиянын Красноярск шаарында кыргыз сүрөтчүсү жана аниматору Толгобек Койчумановдун “Жер жыты” (“Запах земли”) аттуу жеке көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда «Айтыш фильм» киностудиясынын басма сөз катчысы Чолпон Идрисова билдирди.
Анын айтымында, живопись сүйүүчүлөрү автордун акыркы жылдары тартылган сүрөттөрүн жана графитилерин көрө алышат. Көргөзмөдөн тышкары Красноярск шаарында кыргыз тарыхындагы биринчи жолу жасалган толук метраждуу анимациялык “Аку” мультипликациялык фильми тартууланат.
Иш-чараны “Манас” студенттер бирикмеси жана Сибирь федералдык университетинин Эл аралык байланыштар башкармалыгы уюштурду. Сүрөт көргөзмөсү 15-январга чейин созулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.