Акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата Бишкекте поэзия кечеси өтөт
Эртең, 22-декабрда Улуттук китепканада кыргыз поэзиясынын классик акыны, котормочу Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата китеп-сүрөт көргөзмөсү жана "Алыкул жана кыргыз музыкасы" театрлаштырылган поэзия кечеси өткөрүлөт.
Анда акындын чыгармаларына жазылган обондуу ырлар профессионал ырчылардын аткаруусунда жаңырат. Поэзия кечесине мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаттары, илим-билимдин, маданияттын кызматкерлери, Алыкул Осмонов атындагы фонддун жетекчилери, мүчөлөрү катышат.
Иш-чаранын максаты акындын 100 жылдык мааракесин белгилөөнү жыйынтыктоо, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын 2015-жылдагы лауреаттарынын чыгармачылыктарын күйөрмандарга, окурмандарга тааныштыруу болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.