super.kg logo
  Саясат  

"Токтогул ГЭСинин бардык агрегатын толугу менен алмаштыруу үчүн 4 эсе ашыкча каражат жумшалып жатат. Бул жерде кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы бар" дейт депутат Бабанов

 

"Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында фракция лидери Өмүрбек Бабанов Токтогул ГЭСинин бардык агрегатын толугу менен алмаштыруу үчүн жумшалып жаткан 250 миллион доллар 4 эсе ашыкча экенин билдирди. Анын билдиришинче, 60 миллион доллар гана жетиштүү болмок.

"Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза” долбоорун каржылоо үчүн эки ири банктан 250 миллион доллар карыз алынып жатат. Бирок 1 МВт үчүн 1 миллион доллар эле керек. Биз бул жерде 100 миң долларды ары-бери түртүп жатсак, бул жакта 250 миллион долларды тендер аркылуу башкалар утуп алууга кызыкдар болуп жатышат. Өкмөт тендерди катуу көзөмөлгө алышы керек",- деди Бабанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: