Бишкекте 70 жаштагы пенсионер 120 миң сом уурдоого шектелип кармалды
Бишкекте бир катар уурулук фактыларынын бети ачылды. Бул тууралуу 22-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 21-декабрда милицияга борбор калаанын 32 жаштагы жашоочусу Т.Р. кайрылган. Ал үйүнүн эшиги бузулганын, 120 миң сом акча каражаты уурдалганын маалымдаган. Бул фактыга шектүү катары 70 жаштагы жаран кармалды.
Мындан сырткары укук коргоо органдарына кайрылган 44 жаштагы Б.В. Султан аттуу таанышы алардын үйүнөн эки уюлдук телефон, телевизор жана тонун уурдап кеткенин айткан. Бул факт боюнча шектелип 37 жаштагы З.С. колго түшүрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Кемпирди каяктан окуп алдын???