super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев Кытайдын жарандарына визасыз режим киргизүү маселеси каралбаганын айтты

 

Бүгүн, 22-декабрда премьер-министр Темир Сариев Кытайдын жарандарына визасыз режим киргизүү маселеси каралбаганын айтты.

Жергиликтүү ММКлардын биринде жарандардын суроолоруна жооп берип жатып өкмөт башчы үстүбүздөгү жылдын 14-17-декабрында орун алган Кытайга жасалган расмий сапарынын натыйжасында жетишилген макулдашуулар тууралуу маалымат берди.

Визасыз режим киргизүү тууралуу маселеге токтолуп: “Биз бул маселе тууралуу сөз кылганыбыз жок. Белгилүү болгондой, дипломатиялык, кызматтык паспорту бар жактар үчүн визасыз режим мурунтан эле бар. Ал эми ишкерлик максатта жана турист катары келген жактар үчүн сөзсүз түрдө виза алуу режими сакталат”,- деди Сариев.

Премьер-министр белгилегендей, тышкы саясат маселелери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте тыкыр макулдашылган түрдө гана өкмөт мүчөлөрү тарабынан билдирилет. “Ал эми аталган маселе боюнча расмий пикир билдирүү экономика министринин компетенциясына кирбейт”,- дейт өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: