Өкмөт. Бюджеттик жоготуулар боюнча Эсептөө палатасынын жыйынтыгына ылайык, тийиштүү жетекчилер жоопкерчиликке тартылышат
2014-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча Эсептөө палатасы бюджеттик жоготуу 7 миллиард 388,6 миллион сомду түзгөнүн билдирген. Каржы министри Адылбек Касымалиев 23-декабрда парламентте тийиштүү жетекчилер административдик жоопкерчиликке тартыла турганын айтты.
"Өкмөт жыйынында министрлерге тапшырма берилип, 2015-жылдын 1-апрелине чейин тийиштүү чараларды иштеп чыгуу каралган. Жоготуу боюнча күнөөлүүлөр административдик жоопкерчиликке тартылышат",- деди Касымалиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

