super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт "Кумтөр" боюнча "Центерра" менен сүйлөшүүнү токтотот

 

Кыргыз өкмөтү "Кумтөр" долбоору боюнча 2014-жылдын 18-январында кабыл алынган макулдашууну аткаруу боюнча “Центерра” компаниясы менен сүйлөшүүдөн чыгат. Сүйлөшүү быйылкы жылдын апрелинен бери жакшы жүрбөй жатканынан улам ушундай чечим кабыл алынганын өкмөт “Центеррага” маалымдады.

"Быйыл март айында “Центерра” "Кумтөрдү" иштетүү боюнча жаңы тоо-кен планын жарыялап, алтын запасы азайганын көрсөткөн. Тараптар реструктуризациянын каржы-экономикалык модели боюнча да бир пикирге келе алышкан эмес. “Центерра” биргелешкен ишкананы каттап, корпоративдик башкаруу, соттук доолорду жөнгө салуу, компаниянын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин аныктоо боюнча да кыргыз тарапка такыр пайдасыз сунуштарды киргизген. "Центерра" экологиялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча АМЕС компаниясынын сунуштарын да кабыл алган эмес. Мындай шартта макулдашуу кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгына дал келбейт",- деп айтылат маалыматта.

Өкмөт "Кумтөр" боюнча Кыргыз Республикасына көбүрөөк киреше алып келчү долбоордун жаңы вариантын сунуштамакчы.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш 2014-жылы "Кумтөр" боюнча үлүштү 50х50 пайыздан бөлүүчү биргелешкен ишкана түзүү боюнча меморандум кабыл алып, анын негизинде өкмөткө жаңы келишим иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Андан кийин канадалык тарап кыргыз өлкөсү койгон шарттарга көнбөй жатканы маалымдалган эле. Жыйынтыгында биргелешкен ишкана түзүүдөн баш тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: